Ички органдардын комплекси (14 жаштан ойдо)
60 минут · 3200 сом
УДИ - боор, от, уйку бези, кок боор, бойроктор
Подготовка
УДИге даярдык:
Боор, от, уйку бези, бөйрөктөр, көк боор:
1. Изилдөөгө чейин 2 күн мурда кара жана ак нан, сүт, буурчак, төө бурчак, капуста, жашылча жана мөмө жемиштерден, таттулардан, майлуу тамак-аштардан баш тартуу керек (себеби бул азыктар сиңирүүнү жайлатып, газдарды пайда кылат). Бир нече күн мурун жеңил тамак-аштарды мисалы ачытылган сүт азыктарын, каша, шорпо сыяктуу тамак-аштарды ичип, ошондой эле, изилдөөнүн алдында кечинде тамак ичпеш керек. Бир нече күн тамактан кийин «Панзинорм» же «Фестал» ферменттик препараттарды ичүүгө болот – алар ичегилерди тазалап дарыгерге сапаттуу изилдөө жүргүзгөнгө жардам берет.
2. Изилдөөгө чейин 2-3 күн мурда энтеросорбенттер (мисалы активдүү көмүр же Эспумизан капсулалары 2 таблеткадан 3 маал) сунуш кылынат.
3. Изилдөөгө чейин 2 күн «Мезим форте» 3500 (2 таблеткадан 3 маал) ичүү сунуш кылынат.
4. Изилдөөнүн алдында кечинде тазалоо клизмасын кылуу.
5. Изилдөөнүн алдында аш-казанды жана ичегилерди инструменттик изилдөө сунуш кылынбайт.
Өттү изилдөө:
Өттү УДИден өткөзүүгө даярдаган учурда 3 күн шлаксыз диета кармоо дайындалат.Изилдөөнүн алдында кечинде саат 19.00. чейин тамактануу. Изилдөө күнү эртең менен тамак, суюктук ичпеш керек, тамеки тартпаш керек.
Эмчек жана калкан бездери:
Даярдык кереги жок.
Фотографии
Фото можно добавить в админке (изображения исследования).