Ички органдардын комплекси (14 жаштан ойдо)

60 мүн · 3200 сом

УДИ - боор, от, уйку бези, кок боор, бойроктор
Даярдык
УДИге даярдык: Боор, от, уйку бези, бөйрөктөр, көк боор: 1. Изилдөөгө чейин 2 күн мурда кара жана ак нан, сүт, буурчак, төө бурчак, капуста, жашылча жана мөмө жемиштерден, таттулардан, майлуу тамак-аштардан баш тартуу керек (себеби бул азыктар сиңирүүнү жайлатып, газдарды пайда кылат). Бир нече күн мурун жеңил тамак-аштарды мисалы ачытылган сүт азыктарын, каша, шорпо сыяктуу тамак-аштарды ичип, ошондой эле, изилдөөнүн алдында кечинде тамак ичпеш керек. Бир нече күн тамактан кийин «Панзинорм» же «Фестал» ферменттик препараттарды ичүүгө болот – алар ичегилерди тазалап дарыгерге сапаттуу изилдөө жүргүзгөнгө жардам берет. 2. Изилдөөгө чейин 2-3 күн мурда энтеросорбенттер (мисалы активдүү көмүр же Эспумизан капсулалары 2 таблеткадан 3 маал) сунуш кылынат. 3. Изилдөөгө чейин 2 күн «Мезим форте» 3500 (2 таблеткадан 3 маал) ичүү сунуш кылынат. 4. Изилдөөнүн алдында кечинде тазалоо клизмасын кылуу. 5. Изилдөөнүн алдында аш-казанды жана ичегилерди инструменттик изилдөө сунуш кылынбайт. Өттү изилдөө: Өттү УДИден өткөзүүгө даярдаган учурда 3 күн шлаксыз диета кармоо дайындалат.Изилдөөнүн алдында кечинде саат 19.00. чейин тамактануу. Изилдөө күнү эртең менен тамак, суюктук ичпеш керек, тамеки тартпаш керек. Эмчек жана калкан бездери: Даярдык кереги жок.
Жазылуу

Сүрөттөр

Сүрөттү админдон кошсо болот (изилдөө сүрөттөрү).